Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

16-мартка карата аба ырайы


16-март күнү тоолорго кар түшөт.
16-март күнү тоолорго кар түшөт.

16-март күнү түнкүсүн айрым райондордо жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы күтүлөт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,

Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 6...11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,

Нарында түнкүсүн -9...-14, күндүз -1...-6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18, күндүз -5...-10 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар аралаш жамгыр жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 6…8 градус болот.

XS
SM
MD
LG