Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Пакистан: чиркөө жанындагы жардыруулар 6 адамдын өмүрүн кыйды

Пакистан. Чиркөөгө топтолгон христиандар. 22-сентябрь, 2013-жыл.
Пакистан. Чиркөөгө топтолгон христиандар. 22-сентябрь, 2013-жыл.

Лахор шаарындагы негизинен христиандар жашаган аймакта жанкечтилердин жардыруусунан алты адам каза тапты, 35 адам жараат алды. Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, жардыруулар 15-март күнү Йоханабад конушунда католиктердин чиркөөсү менен христиандардын чиркөөсү жайгашкан жерде, сыйынуучулар көп топтолгон учурда болгон. Окуяга жоопкерчиликти “Жамаат-ул Ахрар” тобу өзүнө алды. Полиция бул боюнча толук маалымат бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG