Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Ирандын экс-президентинин уулу 15 жылга соттолду


Ирандын мурдагы президенти Акбар Хашеми Рафсанжанинин кичүү уулу 15 жылга абакка кесилди. Мехди Хашемиге коопсуздук жана коррупция беренелери боюнча күнөө тагылган. Бирок юстиция бийликтери жасаган билдирүүдө анын эмне үчүн айыпталып жатканы такталган эмес. Хашеми 20 күндүн ичинде апелляция берүүгө укуктуу. Мамлекеттик маалымат каражаттары жазганына караганда, Хашеми 2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоодон кийин тутанган массалык демонстрацияларга байланыштуу күнөөлөнүп жатат. 45 жаштагы бизнесмен 3 жыл Британияда жашап, 2012-жылы Тегеранга кайтып келгенден кийин камалган. 2009-жылкы шайлоодо консерваторлор Рафсанжанини жана үй-бүлөсүн оппозициядагы Жашыл кыймылын колдогондугу үчүн айыпташкан. Рафсанжани 1989-1997-жылдары президенттик кызматты ээлеген.

XS
SM
MD
LG