Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:18

Ишканаларды күтүүсүз текшерүү сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов сунуштаган мыйзамдын долбоору бүгүн парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде каралды. Бекешов санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү же айлана-чөйрөнү коргоо жаатында шек жараткан маалыматтар болгон учурда ишканаларды күтүүсүз текшерүүнү сунуштап жатат. Учурда мындай текшерүү үчүн Экономиканы министрлигинин уруксаты талап кылынат. Бул үчүн он күндөй убакыт кетет.

- Кайсы бир кафеден стафилоккок табылса макулдашып, жооп алууга кыйла убакыт кетет. Он күндүн ичинде ал жердеги абал таптакыр өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан ушундай жобо кириш керек деп жатабыз,- деди Дастан Бекешов.

Мыйзам долбоору комитеттин колдоосун тапты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG