Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу башталды


Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин, 16-март, 2015-жылы
Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин, 16-март, 2015-жылы

Кыргызстан менен Орусиянын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин Санк-Петербургдагы жолугушуусу башталды. Эки президенттин кол алышкан сүрөтүн орус журналисттери Твиттерге жайгаштырды. Ошондой эле бир орус журналисти жолугушууда Атамбаев "Путин мыкты формада, өзү мени машина менен кыдыртты" деп айтканын жазып чыкты.

Эки президенттин жолугушуусу Бишкек убактысы боюнча 15:00гө белгиленген. Бирок ал эки саатка кечигип башталды. Канткен менен бул жолугушууну көпчүлүк кызыгуу менен күтүп жаткан. Анткени бул жолугушуу Путиндин ооруп жатканы тууралуу ушак-айың тараган учурга туш келди. 62 жаштагы Владимир Путин он күндөн бери коомчулукка көрүнө элек болчу. Анын Казакстанга өткөн жумага белгиленген иш сапары да токтотулган. Путиндин ден соолугу начарлап кеткени тууралуу сөздөрдү Кремлдин басма сөз кызматы четке кагып келатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG