Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул тапта Санкт-Петербургда жүргөн президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, азыркы сааттарда кыргыз-орус президенттери Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин жолугушуусу уланууда. Тараптар энергетика, экономика, Кыргыз-орус өнүктүрү фондун түзүү жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү даярдыгын талкуулоодо.
Белгиленген убакыттан дээрлик эки саатка кеч башталган жолугушуу эмнеге Санкт-Петербургда өттү деген суроого Путиндин пресс катчысы Дмитрий Песков: “Атамбаевдин кызы бул жакта окуйт экен. Ага ыңгайлуу болуш үчүн Путин ошол шартка көндү”, - деп билдирген. Буга чейин эл аралык коомчулук Орусия президентинин ооруп жатканын жазышкан эле. (КЕ)