Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:15

Карамушкина журналистти парламент ишин чагылдыруу укугунан ажыратууну суранууда


КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина 24.kg агенттигинин кабарчысы Махинур Ниязованы парламенттеги акредитациясынан ажыратуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин аппаратына кайрылды. Бул тууралуу эл өкүлү өзү “Азаттыкка” тастыктады. Ал Ниязова депутаттардын иштөөсүнө жолтоо болуп, туура эмес маалыматтарды таратып жатканы буга себеп болгонун билдирди. Бул маселе бүгүн парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитетинде козголуп, Исмаил Исаков келишпестиктер болсо сотто чечүүнү сунуш кылды.

Ниязова буга чейин Карамушкинанын айдоочусу Алексей Хурсаев катышкан жол кырсыгы тууралуу маалыматтарды жазган. Хурсаев “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү KG номурлуу машинасы менен Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында эки адамды сүзүп кеткен. Натыйжада 70 жаштагы Кочкор районунун тургуну Асангазы Кутманалиев жан берип, 38 жаштагы Сокулуктун тургуну Алмаз Матиев ооруканага жаткырылган. Жалган маалымат таратты деп депутат журналистти сотко берген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG