Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Президент Аксы окуясынын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жолдоду


Аксы окуясынын 13 жылдыгы, 17-март, 2015
Аксы окуясынын 13 жылдыгы, 17-март, 2015

Аксы окуясынын 13 жылдыгына карата жолдогон кайрылуусунда президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы - эгемендүү Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң олуттуу бурулуштардын бири экенин, Аксынын Боспиек айылынан карапайым мекендештерибиз баштаган кыймыл элибиздин азаттык жолундагы чечкиндүү аракетинин башатына айланганын белгилеген.

"Мындан туура 13 жыл мурун ишенимден таптакыр чыгып, коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн элибиз жөө жүрүшкө чыккан. Анын арты кырчындай алты өмүрдү алган кайгылуу окуя менен коштолгон. Бул окуя бийликтин булагы - эл экендигин, мыйзамдуулукту орнотпой туруп, калыс, адилеттүү коом куруу мүмкүн эмес экендигин ачык көрсөттү", - деп айтылат кайрылууда.

2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан эле. Алар Үзөнгү-Кууш Кытайга берилишине каршы жана депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG