Улуттук оппозициялык кыймыл жаңы лидерин ушул аптанын соңуна чейин шайлайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймылдын мүчөсү, “Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукулов билдирди. Учурда сүйлөшүүлөр жүрүп, ар кайсы варианттар каралууда. Жетекчилик орунга коррупциялык иштерге аралашпаган, таза адам болушу негизги шарт катары каралат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, ага тең төрага катары эки адам шайланышы ыктымал.
Өткөн аптада Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жаңы лидерлер келиши керектигин белгилеп, оппозициялык кыймылдын жетекчилигинен кеткен.
Улуттук оппозициялык кыймыл мындан эки жарым жыл мурда түзүлгөн. Анын курамына Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар кирген. Бирок бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алды деген негизде Ташиев анын курамынан чыгарылган. (КЕ)