Каракол шаарынын тегерек-четинен жарандарга жер тилкесин берүүдө мыйзам бузду деп козголгон кылмыш ишин кайрадан жандантуу талабы коюлуп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка» шаардык кеңештин депутаты Сейит Өскөнбаев билдирди. Анын айтымында, жердин жалпы аянты 42 гектар. Өскөнбаев белгилегендей, былтыр шаардык кеңештин депутаттарынын 11 кишиден турган комиссиясы 2012-2013-жылдары токтом чыгарылып берилген жерлерди текшерүгө алып, мэриянын алдындагы жер бөлүштүрүү комиссиясы бир катар мыйзам бузууларга барганын аныктаган. Анын негизинде 5 жетекчиге Кылмыш кодексинин 305 жана 316-беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ишти Каракол шаардык соту токтоткон. Соттун кылмыш ишти токтотушуна жабырлануучу тараптын коюлган айыптарды колбогондугу себеп болгон.
Мурда козголгон кылмышка байланыштуу Каракол шаарынын мурдагы мэри Ишенбек Өмүрканов, Каракол шаарынын вице-мэри Көлбай Карасартов,Архитектура жана шаар куруу боюнча Каракол шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Адилет Абдыкадыров, Каракол шаардык кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Мелис Өскөнбаев, Каракол шаардык шаардык мэриясынын кыймылсыз мүлктү башкаруу департаментинин жетекчиси Максат Рыскелдиев шектелген.
Учурда Каракол шаарында жер алууга кезекте тургандардын саны 3 миңден ашат. Депутаттар сатылган жерлердин арасында «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын да 3 гектарга жакын жери бар экенин белгилеп, жакында бул маселе да сессияда караларын айтышты. (AsA)