Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:46

Индус студенттерден пара талап кылган милиция кызмакери кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришинче, Ысык-Ата ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Кант шаарындагы Азия медициналык институтунда окуган индиялык үч студенттен 1200 доллар пара талап кылган деп шектелүүдө. Милиция кызматкери Кант шаарында студенттерден 800 доллор өлчөмүндө акча алып жактан учурда кармалган. Анын машинасын текшерген учурда 1 даана РГД аскер гранаты, Макаров тапанчасынын октору табылды.

Бул факт боюнча 17-мартта Кылмыш кодексинин 313-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Кылмышка шектүү кызматкер тергөө абагына камалды. (AzK)

XS
SM
MD
LG