Бул туурасында “Азаттыкка” Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев билдирди. Анын айтымында, конкурстун үчүнчү айлампасынын жыйынтыгында талапкерлер Жедигер Саалаев, Курмантай Абдиев жана Данияр Эркинбаев жогорку упайларга ээ болду. Эми алардын талапкерлиги 10 күн аралыгында президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Андан соң аларды парламент бекитет.
Конституциялдык палатага конкурска жалпысынан 9 талапкер катышты. Майчиевдин билдиришинче, эгер президент көрсөтүлгөн талапкерлердин айрымдарын четке кага турган болсо, анда анын ордуна көп упай топтогон кийинки талапкерлер кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн.
Аталган конкурста эң жогорку - 52 баллды Жедигер Саалаев, эң төмөнкү - 48 баллды Нурмамат Ботобаев алган. (AzK)