Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Беларус элчилигинин алдына чыгып, элчиликтин Кыргызстандан кетишин жана бул өлкө менен кызматташтыкты токтотууну талап кылууда. Ал бор менен элчиликтин имаратынын сыртына талаптарын жазууга аракет кылды. Бирок милиция кызматкерлери жол берген жок.
Өндүрүш Токтонасыров Минскиге 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү талабын коюп, беш жылдан бери ар кандай нааразылык акцияларын уюштуруп келет. (AzK)