Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Казак бийчилери Кыргызстанда


Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда А.В.Селезнев атындагы Алматы хореографиялык окуу жайы менен Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын биргелешкен чоң концерти өтөт. Маданий иш-чара Нооруз майрамына арналат. Алматы хореографиялык окуу жайынын 80 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткан иш-чара Бишкекте 16-мартта башталып, ага Казакстандан 120 студент келген. Негизги максаты – тажрыйба алмашуу, өнөр тартуулоо. 17-мартта алар филармонияда 2 бөлүмдөн турган концерт коюшту. Анда бир актылуу “Дон Кихот” балети менен заманбап, элдик жана классикалык хореография тартууланды. (ZA)

XS
SM
MD
LG