Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Эл аралык Мунапыс уюму Крым бийлигин сындады


Крым, 18-март, 2015
Крым, 18-март, 2015

Орусия жарым аралды аннексиялап алгандан кийин буга макул эместерди коркутуп-үркүтүү, кыйноо фактылары көп катталган жана Москва колдогон бийлик, адамдардын дайынсыз жоголуу фактыларын иликтебей жатат, үн чыкпагыла же кеткиле деген принцип өкүм сүрүүдө, - делинет 18-марттагы докладда. Документ Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышынын бир жылдыгына карата жарык көрдү. Бул кадамды эл аралык коомчулук катуу айыптаган.

Уюмдун ырастоосунда, өткөн марттан сентябрга чейин бир нече адам дайынсыз жоголгондон кийин аннексияга каршы чыккандардын көбү жарым аралдан кетүүгө аргасыз болду. Калгандар болсо куугунтуктоолорго туш болууда. Отчеттто бир жылда кеминде 7 кишинин уурдалганы айтылат.

Документте белгиленгендей, Крым бийлиги массалык маалымат каражаттарына жана бейөкөмт уюмдарга каршы багытталган репрессиялык мыйзамдарды кабыл алып жатат. Маселен, Крым татарларынын Межлиси таанылбай, жетекчилиги куугунтукталууда. Көз карандысыз маалымат каражаттарына каттоодон өтүү мүмкүн эмес, бир топ журналисттер жана блогерлер коопсуздугунан улам Крымдан кетип калышты, - деп белгилешет укук коргоочулар.

XS
SM
MD
LG