Баткен облустук милициясынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжайдын Үч-Коргон айылынан жана Кызыл-Кыя шаарынан диний экстремизимге шектүү делген 16 жаранынын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, рация, чоюн союл, диний экстремисстик багыттагы китеп-дептерлер, канжар, видеокассеталар, планшет, компьютер, газ баллондор, 60тан ашуун ок дарылар жана 5 ок атуучу куралдар табылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Жергилктүү бийлик жана күч кызматтарынын биргелешкен түшүндүрүү аракеттери тынымсыз жүргөнүнө карабай ар кандай диний агымдарга азгырылган кишилердин саны аталган эки аймакта көп бойдон кала берүүдө.
Мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан Дамира Юсупова бүгүн «Азаттыка» билдирди. (JsA)