Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Депутаттар шайлоодо маркировканы алып салууну сунуштоодо


Депутаттар шайлоодо добуш берүүнү паспорт менен гана жүргүзүп, маркировканы пайдаланууну токтотууну сунуштоодо. Бул туурасында бүгүн парламентте президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча талкууда айтылды. Мыйзам долбоорунун негизги максаты – шайлоодо биометрикалык маалыматтарды жана жаңы технологияларды колдонууга уруксат алуу.

Мындан тышкары шайлоо жөнүндөгү мыйзамга добуш берүүчүлөрдүн өздүгүн аныктоочу документ катары ID-картасын жана жалпы жарандык паспортту гана калтырып, андан башка офицердин күбөлүгү, аскер билети документтерин тизмеден чыгарып салуу сунушталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шайлоочулардын тизмеси 2 түрдө - электрондук жана кагаз жүзүндө түзүлөт. Шайлоо тизмесине биометрикалык каттоодон өткөн гана жарандар киргизилет. (AzK)

XS
SM
MD
LG