Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Корей ишкерлери Кыргызстандагы сот системасына нааразы


Түштүк кореялык инвесторлор Кыргызстанда сот системасы коррупциялашканына нааразы болууда. Алар жемкорлуктун айынан адилетсиздикке тушугуп жатканын айтып, бүгүн Бишкекте маалымат жыйынын курат жана маселеге өлкө бийлигинин көңүлүн бурмакчы. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Корей ишкерлери Кыргызстанда курулуш, өндүрүш жана башка тармактарга инвестиция тартуу менен алектенет.

Эки күн мурда Сеулдан он кишиден турган делегация келип, Нарын ГЭСинин курулушуна көмөк көрсөтүү жаатында да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG