Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Польша президенти Москванын чакыруусунан баш тартты


Жеңиштин 70 жылдыгына карата парад үчүн даярдык. Москва, март, 2015-жыл.

Польша президенти Бронислав Коморовский 9-майда Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөн күнүнүн 70 жылдык майрамына карата уюштурулуп жаткан Жеңиш парадына катышпайт. Ал мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөп жатып, Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга барууга негиз жок экендигин билдирди. Мурдараак Польшанын экс-премьери, Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск да Жеңиш парадына чакыруу алганын, бирок баруудан баш тартканын билдирген болчу. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG