Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Депутат жеңилдетилген насыя дарегине жетпей жатканын айтып чыкты


Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Курманбек Дыйканбаев дыйкандарды категорияга бөлүү туура эмес болгонун сынга алды.

Өкмөт токтомуна ылайык, 100 баш майда мал, 20 баш бодо мал, 10 жылкысы бар малчылар биринчи категорияга кирип, 3 млн. сомго чейин насыя алууга укукту. Эл өкүлдөрү мынча малы бар адамдар бардар адамдардын катарына кирерин, аларга жеңилдетилген насыя көп кереги жок экенин белгилешти. Ошондой эле насыяны дыйканчылыкка көбүрөөк берүүнү сунуш кылышты.

Өкмөт быйыл дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн 5 миллиард сом бөлгөн. Депутаттар былтыр 1-апрелге чейин дыйкандарга 3 миллиард сом насыя берилгенин, быйыл бул иш кечеңдеп жатканын сынга алышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG