Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Жалал-Абадда дыйкандар Бажы биримдигинен кооптонууда


Сузактык дыйкандар Бажы биримдигине кирсек буудай арзан болот деген кооптонуу менен быйыл жаздык буудайды 50 пайызга аз эгишти. Бул тууралуу район акими Нурболот Мирзахмедов вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеваны аймактагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен тааныштырып жатып билдирди. Район аймагында 8 миң гектарга күздүк, ал эми 800 гектарга жаздык буудай эгилген. “Кыргызстан биримдикке кирсе Казакстандын будайы рынокту элеп, баа арзандайт деп кооптонуп жатышат. Мындан улам өкмөт туруктуу бааны бекитип, дыйкандарга кепилдик бериши керек”, - дейт Мирзахмедов. Учурда буудайдын 1 килограммы 22 сом турат.

Вице-премьер Дамира Ниязалиева бул күндөрү министрлер менен Жалал-Абадды кыдырууда. 3 күндүк иш сапардын алкагында өкмөт мүчөлөрү аймактагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат жана бир топ социалдык объекттерди кыдырат. (RsK)

XS
SM
MD
LG