Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Аскер лицейиндеги мушташта бир курсант бычак жеди


Кыргыз улуттук аскер лицейинин эки тарбиялануучусу мушташа кетип, бирөө бычак жеп ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Азамат Дүйшөмбеков билдирди. Окуя 18-мартта 8:30 дарда болгон. Лицейдин 3-курсунун А.Б. жана А.А. аттуу эки курсанты мушташып, бирөө экинчисин көкүрөк жана бел тарапка бычак сайып жиберген. Жабыркаган бала Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Учурда абалы стабилдүү оор экени айтылды. Экинчи бала Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына камалды. Министрлик мушташтын себептерин иликтөөдө.(КЕ)

XS
SM
MD
LG