Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:45

Спикерге жумушка эрте келүү сунушталды


Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жыйындын ар кайсы маселелер каралган бөлүгүндө көтөрдү. Ал шаардын айрым тургундары мамлекеттик жетекчилердин кортежин өткөрүү үчүн жол тосулуп, тыгынга айланып жатышына нааразылыгын билдирип кайрылышканын белгиледи. Эл өкүлү спикерди эртең менен 8:45те эмес 8де келүүгө чакырды.

Жумушка, балдарын бала-бакча, мектепке алып келаткан маалда жолдун тосулушуна шаар тургундары нааразылыгын билдирип келишет.

Ал эми спикердин маалымат катчысы Нуркан Керимбаев "Азаттыкка" депутат Карамушкинанын бул айтканы туура эместигин, мыйзам боюнча иш күнү саат 9да башталса да төрага көбүнчө таңкы жети жарым менен сегиздин ортосунда, кээде гана 8:30да жумушка келерин билдирди.

Кыргызстанда мыйзам боюнча президент, өкмөт башчы, спикер кортеж менен жүргөнгө укуктуу. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов өз кезегинде мындан баш тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG