Улуттук оюндарды өнүктүрүү максатында "Теңир Тоо жаштары" коомдук бирикмеси уюштурган ордо оюнуна Ак-Талаа районунан үч, Ат-Башы районунан эки жана Нарын районунан сегиз, жалпысынан 13 команда катышты.
Эки күнгө созулган бул мелдеште, 1-орунду Нарын районунун Кара-Чий айылынан келген курама команда алды. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. "Теңир-Тоо жаштары" коомдук бирикмеси мындай ордо оюну боюнча мелдешти төрт жылдан бери уюштуруп келет. Кийинки жылы Нарын облусунан күчтүү курама команда топтоп, облустун атынан республикалык деңгээлге чыгуу дейт аталган бирикменин жетекчиси Мустафа Жумаканов.