Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Мектеп окуучуларынын республикалык сүрөт көргөзмөсү ачылды


Бүгүн Кыргыз улуттук көркөм сүрөт академиясынын көргөзмө залында Нооруз майрамына карата өлкөнүн алыскы аймактарынан келген көркөм сүрөт мектептеринин окуучуларынын сүрөт көргөзмөсү ачылды. Академиянын негиздөөчүсү, Эл баатыры Тургунбай Садыковдун “Азатыкка” билдиргенине караганда, көркөм сүрөт мектептеринин окуучулары учурда республикалык, эл аралык конкурстарга ар дайым катышып турат. “Мисалы алардын иштери Москва, Вашингтон, Берлин, Бээжин, Кашкар, Тегеран, Алматы, Баку шаарларында өткөн көргөзмөлөргө катышкан. Бул көргөзмөгө Бишкектеги, Чолпон-Атадагы, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген мектеп окуучуларынын эки жүзгө чукул эмгектери коюлду,” - дейт Садыков.

Учурда республикалык көркөм сүрөт мектептеринде жалпысынан беш жүзгө чукул окуучу билим алат. Талантына карата тандалып алынган окуучулар жатак-мектептерде жалпы орто билим алуу менен бирге сүрөт тартууга такшалат. Аталган сүрөт көргөзмө бир ай бою уланат. (ZA)

XS
SM
MD
LG