Кумтөр боюнча сүйлөшүү 23-марттан 30-мартка чейин Бишкекте кайрадан улантылат. Бул үчүн Centerra Gold Inc компаниясынан чоң делегация келиши күтүлүп жатканын “Азаттыкка” “Кыргызалтындын” жетекчиси Токон Мамытов билдирди. Үч күнгө созулган сүйлөшүүдө экология маселесине басым жасалып, бирок аягына чыкпай калды. Кийинки сүйлөшүүгө экология боюнча эл аралык эксперттер да катышат.
- Эл аралык компания, эксперттердин сунушу боюнча рекультивациялык фонддун жалпы көлөмүн 60 миллион долларга жакындатыш керек эле. Бирок “Центерра” тарап ага макул болбой, 40-45 млн. доллар менен толуктайбыз деп жатышат. Ошондуктан азыр экология жаатында маселелердин 30-40 пайызы чечиле элек. Бул маселелерди чечүү үчүн алардын кайра келүүсүн талап кылдык, - деди Мамытов.
Centerra өкүлдөрү январь, февралда да келип кеткен. Тараптар экологиялык маселелер, калдыктар жана башка бир топ суроолор боюнча орток пикир таба албай келүүдө. (КЕ)