20-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Чүй өрөөнүндө -1...4, 8...13
Талас өрөөнүндө -2...3, 7...12
Ош, Жалал-Абад аймактарында 1...6, 9...14
Баткен областында 0...5, 8...13
Ысык-Көл -2...-7, 2...7
Нарын областында -6...-11, 0....5
Бишкекте 20-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2…4 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус жылуу болушу күтүлөт (КЕ)