Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Тунистеги кол салууда мерт кеткендердин саны 20га жетти


Тунис өкмөтү 18-мартта музейге кол салуудан каза болгон чет элдик туристтердин саны 20га жеткенин кабарлады. Буга чейин 17 турист жана үч жергиликтүү тургундун мерт кеткени маалымдалган эле. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Саид Айди билдиргендей, каза болгон он үч адамдын тек-жайы аныкталды. Алардын арасында үч жапон, эки испан, эки француз менен Колумбия, Испания, Британия, Польша, Италия жана Белгиянын жарандары бар.

Кол салууга шектелген эки адам полиция операциясы маалында өлтүрүлүп, экөө качып кеткени кабарланган. Би-Би-Си каналы маалымдашынча, дагы төрт адам кармалды.

Тунистин президенти Бежи Каид Эс-Себси телеканалы аркылуу кайрылып, өлкө терроризм менен аёосуз күрөшөт деп убада берди.

XS
SM
MD
LG