Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Өзбекстанда совет жоокерине тургузулган эстеликти кулатышты


Өзбек бийлиги Ангрен шаарында советтик жоокердин эстелигин кулатты. "Мекенибиздин эгемендиги үчүн кармашта көз жумган жоокерлерге таазим" деген жазуусу бар эстелик 1967-жылы тургузулган.

Ангрен администрациясынын өкүлдөрү 10 метрлик эстелик шаарды көрктөндүрүү пландарына ылайык кулатылганын кабарлады.

Мурдагы Советтер Союзуна кирген республикалардан Дүйнөлүк Экинчи согушка баргандардын ичинен 27 миллион киши кайтпай калган. Буга чейин өзбек президенти Ислам Каримов совет өкмөтүн кескин сынга алып, миңдеген өзбектин өмүрүн алган согуш орду толгус кайгы алып келгенин айткан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG