Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Ошто Нооруз түрдүү улуттардын маданий көргөзмөсү менен коштолду


Ош шаарынын борбордук аянтына 13 боз үй катар тигилип, анда түрдүү улут өкүлдөрүнүн маданий көргөзмөсү өттү. Боз үйлөрдө улуттук тамак-аштар, кол өнөрчүлүк, улуттук кийимдер көргөзмөсү уюштурулган. Шаар башчылары менен бирге орус, казак жана кытай консулдуктарынын өкүлдөрү да куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Салтанаттын соңунда майрамга келген калаа тургундарына сүмөлөк таратылды. Шаардын борбордук аянтындагы майрамдык салтанатка 10 миңден ашык адам күбө болду. (YI)

XS
SM
MD
LG