Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

БУУ Сириядагы кол салууну кескин айыптайт


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке шаарындагы кол салууну кескин айыптап чыкты. Бул шаарда Нооруз майрамы белгиленип жаткан чакта эки жерде жардыруу болуп, 45 адам мерт кетти, дагы жүзгө жакын киши жараат алды. Өлгөндөрдүн көбү - балдар.

Пан Ги Мундун кайрылуусунда "Бул ирээнжиткен чабуулдар күрд жамааты жаңы жылга болгон үмүт-тилектери менен бөлүшүү үчүн чогулган чакта орун алды", деп айтылат.

Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Укук коргоо борборунун жетекчиси Рами Абдель бул кол салуунун артында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери турарын айтты. (ZMa)

XS
SM
MD
LG