Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Ошто эки адам күйүп ооруканага түшкөн окуя иликтенүүдө


Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, 19-мартта түнкү саат 11лер чамасында Ош шаарынын Атабаев атындагы көчөсүндө жайгашкан Рудаки мектебинин спорт аянчасында 1981 жана 1984-жылу туулган эки жаран денесине бензин чачылып, өрттөнгөнү кабарланган. Облустук ооруканага жаткырылган жарандын бири жеңилирээк жарат алган, экинчисинин денесинин 30 пайызы күйгөн.

Алдын ала берген көрсөтмөлөрүндө алар мас болуп, бири-бирине бензин чачып, өрттөнүп кеткендиктерин билдиришкен. Укук коргоо органдары ушул тапта окуя боюнча башка да оперативдүү маалыматтар түшкөнүн, ал күйүп калгандардын баштапкы көрсөтмөсүнө дал келбестигин жана бул жерде кылмыштын элементтери бар экендигин билдирүүдө. Окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG