Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Пакистан армиясы 80дей согушчан жок кылынганын кабарлады


Пакистан армиясы акыркы бир жумада өлкөнүн түндүк-батышында 80 чакты согушчанды жок кылды. 22-мартта Коргоо министрлиги маалымдашынча, Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Тира өрөөнүндөгү кагылыштарда 7 жоокер окко учуп, 100дөй согушчан жарадар болгон.

Пакистан куралдуу күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Асим Байванын Твиттерде жазышынча, террорчулар Хайбердеги базаларынан сүрүлгөн.

Бул маалыматты көз карандысыз булактар тастыктай элек. Ооганстанга чек аралаш Хайбер-Пахтунква провинциясы Пакистан талиптери менен аларга санаалаш “Лашкар-и-Ислам” тобунун жабыт жайы. Талиптердин өкүлү акыркы үч күндө аймакта өкмөттүк күчтөр менен катуу салгылашуулар болгонун билдирди. (АУ)

XS
SM
MD
LG