Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Атамбаев Австрия президенти Фишер менен жолукту


Вена, 23-март 2015-жыл
Вена, 23-март 2015-жыл

Бүгүн Венада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Австриянын федералдык президенти Хайнц Фишер менен жолугушту. Фишер Атамбаев баштаган кыргыз делегациясын Хофбург Ак сарайынын алдындагы парад аянтында жубайы жана расмий бийлик өкүлдөрү менен бирге тосуп алды.

Президенттер алгач өзүнчө сүйлөшүп, андан кийин жолугушуу расмий делегациялардын катышуусунда уланды. Жыйындын аягында соода-экономикалык, саясий-гуманитардык жана маданий тармактар боюнча кызматташуу багытында эки тараптуу документке кол коюлду.

Президенттин Европага сапары андан ары Франция, Швейцария, Белгия жана Германияда уланат. Атамбаевдин 1-апрелге чейинки Европа сапарынын алкагында саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат.

Европага сапарында президент Алмазбек Атамбаевди кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү, ЖК депутаттары жана ишкерлер коштоп жүрөт. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG