Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Атамбаев Сингапур президентине көңүл айтты


Маркум Ли Куан Ю
Маркум Ли Куан Ю

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Сингапурдун биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу президент Тони Тан Кен Ямга көңүл айтты. Мамлекет башчы Ли Куан Юнун каза болушу Сингапур эле эмес туруктуу өнүгүүдө өз күчүнө таянган бардык өлкөлөр үчүн чоң жоготуу болгонун белгиледи. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Сингапурдун мурдагы премьер-министри, мамлекеттик, саясий ишмер Ли Куан Ю 92 жаш курагында 23-мартта дүйнө салган. Ал “сингапур экономика кереметинин атасы” катары таанымал. Өкмөт башчы болуп турган 31 жыл ичинде чакан жана кедей өлкөнүн болуп көрбөгөндөй өнүгүшү чоң салымын кошкон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG