Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Венада ЕККУ - Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды


Бүгүн Венада Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заннер менен жолукту. Эки тараптуу кызматташтык, Кыргызстандын ЕККУ алдында алган милдеттенмелеринин аткарылышы, адам укугунун корголушу, сот жана тартип коргоо органдарын реформалоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле бүгүн Алмазбек Атамбаев БУУнун Маңзатка каршы башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугуп, Кыргызстан аркылуу өткөн маңзат коридору, Ооганстандан коалициялык күчтөр чыгып кеткенден кийинки кырдаалга байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулады.

Түштөн кийин Кыргызстандын президенти Атамбаев баштаган расмий делегация Парижге учуп, андан аркы эки күндүк иш сапар Францияда уланат.

Европанын беш өлкөсүнө сапар 23-мартта Венадан башталган болчу. (KJ)

XS
SM
MD
LG