Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

25-мартка карата аба ырайы


25-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарында көпчүлүк аймактарда, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Таласта түнкүсүн -1...+4, күндүз 5...10,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 7...12,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт, күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 9…11 градус болот.

XS
SM
MD
LG