Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Ошто кургак учукка каршы акция өттү


Бүгүн 24-март - Кургак учукка каршы эл аралык күнгө карата Ош шаарында акция өттү. Шаардын борбордук аянтында жаштар “Кургак учукту токтоткула”, “Кургак учукту айыктырууга болот”, “Кургак учукту алдын улууга болот”, “Кургак учук акысыз дарыланат” деген плакаттарды көтөрүп турушту.

Айрымдары асфальтка тематикалык сүрөттөрдү тартып, чуркап жарышка чыгышты.

Иш-чараны Ош шаарынын жаштар комитети жана “Чек арасыз дарыгерлер” бейөкмөт уюму уюштурду. Мыкты сүрөт тарткан жана тез чуркаган окуучуларга чакан белектер тапшырылды.

Расмий маалымат боюнча Ош шаарында 2013-жылы 1156 адам кургак учукка чалдыккан, ал эми былтыр бул ооруну 1100 адам жуктуруп алган. Алардын жүздөн ашууну балдар. (YI)

XS
SM
MD
LG