Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Францияда кыйраган учакта 150 адам болгон


Франциянын түштүгүндө кыйраган учакта 144 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү болгон. Бул тууралуу француз бийликтери кабарлашты. Маалыматка ылайык, германиялык Lufthansaга караштуу Germanwings компаниясынын Airbus A320 үлгүсүндөгү учак Барселонадан Дюссельдорфго бара жаткан. Франциядагы Альпы тоолоруна жеткенде байланыш үзүлүп, кырсыкка кабылган. Француз президенти Франсуа Олланд кырсыкка кабылган учак калдыктары жүргүнчүлөрдүн эч бири аман калды деген ойго түртпөй турганын билдирди. Ал эми Германия жана Испания жетекчилери кырсык тууралуу кабар аларды кайгыга бөлөгөнүн айтышты.

Бул Европадагы акыркы жети жыл ичиндеги эң ири учак кырсыгы. 2008-жылы Испаниянын Мадрид шаарындагы кырсыктан 154 адам каза болгон эле.

XS
SM
MD
LG