Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Бишкекте кыргыз-орус бизнес форуму өтүүдө

Бул күндөрү Кыргызстан менен Орусиянын Перм жана Алтай аймактарынын Соода-өнөр жай палаталары биргелешип Бишкекте кыргыз-орус бизнес форумун өткөрүүдө.

Форум Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирүү алдында турганда эки өлкө ортосундагы ишкерлик мамилени өнүктүрүү, кызматташтыкты алдыга жылдыруу максатында уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан кабарлашты.

Талкууга Орусиядан курулуш, техникалык жабдуу, химия, металлургия өнөр жайы сыяктуу 15тен ашуун компаниянын жетекчилери, ишкерлер катышууда.

Буга чейин Бишкекте кыргыз-белорус, кыргыз-казак бизнес форумдары өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG