Жалал-Абад шаар аймагында "Коопсуздук-2015" аталышындагы 2 күндүк машыгуу башталды. Анын ачылышына Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
- Сырткы коркунучтардан коргонуу максатында күч түзүмдөрү менен жергиликтүү бийликтин биргеликте иш алып баруусун камсыздоо максатында машыгуу өтүүдө, -деп билдирди Асанкожоев.
Шаардын аэропортуна аскердик техника жайгаштырылып, атайын штабдар түзүлгөн. Машыгуу президенттин жарлыгына ылайык былтыр Ош шаарында өтсө, быйыл Жалал-Абадда өтүүдө. (RsK)