Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Атамбаев: Кыргызстан тездик менен өнүгүүдө


Бул тууралуу Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Францияда кыргыз-француз бизнес форумунда билдирди. Ал жакында Молдова борбору Кишиневдо болгонун, ал жакта Бишкектегидей курулушту, жолдордо унаа тыгындарын байкабаганын айтты.

- Бул Кыргызстан өтө тездик менен өнүгүп жатканын билдирет. Кыргызстанга инвестиция алып келгендер жакын арада каймак калпыгандай үзүрүн көрө баштайт, - деди өлкө башчысы.

Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө сапары 23-мартта Австриядан башталган. 1-апрелге чейинки сапар алкагында саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлат. Президент баштаган делегация Франциядан кийин Швейцария, Белгия жана Германияга барат.

Оппозиция Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүп, экономикалык абал начарлап, жумушсуздардын саны өсүп жатканын белгилеп келет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG