Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Кыргызстанда “Ислам мамлекети” уюмуна тыюу салынды


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган согушкер топтун ишмердигине Кыргызстанда тыюу салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бүгүн кабарлады. Мындай чечим экстремизм жана терроризмди алдын алуу максатында кабыл алынды.

УКМК тараткан маалыматка караганда, Бишкектин Октябрь райондук соту ушул жылдын 13-февралында “Ислам мамлекети” уюмун террористтик жана экстремистик деп тапкан жана анын өлкө ичинде ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Соттун чечими расмий түрдө 16-марттан тартып күчүнө кирди.

Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдардын саны 12. Алар: «Хизб ут-Тахрир», «Түркстанды бошотуу», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида», «Талибан», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору» уюмдары. (КЕ)

XS
SM
MD
LG