Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:34

Жалал-Абадда улуттар арасындагы достук фестивалы өтөт


Youth of Osh уюму аймакта түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келишет. Ош, 2013
Youth of Osh уюму аймакта түрдүү долбоорлорду ишке ашырып келишет. Ош, 2013

Шаардын борборундагы Эркиндик аянтында бүгүн ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусунда достук фестивалы белгиленет. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Youth of Osh коомдук бирикмесинин Жалал-Абад шаарындагы өкүлү Данияр Алибеков “Азаттыкка” билдирди. Фестивалдын алкагында жаштардын көчө бийи, жаш журналисттер клубунун презентациясы, жерге сүрөт тартуу жана жергиликтүү ырчылардын концерттик программалары көрсөтүлөт. Ошондой эле улуттук диаспоралар тарабынан даярдалган сүрөттөр боюнча мастер класстар, улуттук тамак-аштардын, кийимдердин көргөзмөсү өткөрүлөт. Иш-чараны өткөрүүгө шаардык мэрия жана Кыргызстан эл ассамблеясы колдоо көрсөтүүдө.

Достук фестивалы Баткен шаарында да өтүп жатат.(RsK)

XS
SM
MD
LG