Алмаз Асанбаев эмгек, жаштар жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Алмаз Асанбаев буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин 1-катчысы болуп иштеген. Маалыматтарга караганда, Асанбаевге миграция жаатындагы көйгөйлөрдү жакшы билген адис катары артыкчылык берилген. (ZKo)