Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Улуттук банк: Доллардын тегерегинде жасалма кымгуут жүрүүдө


Кыргызстанда доллардын кымбаттоосуна объективдүү себеп жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрага орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Ал Москва жана Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги ири акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 65 сомго чыгып кетишин жасалма кымгуут деп атап, өлкөдө бул валютанын дефицити жок экенин айтты.

Улуттук банктын маалыматында, бүгүнкү күндө коммерциялык банктарда 310 миллион доллар бар, анын 77 миллиону накталай акча.

Улуттук банк сомду колдоо үчүн ушул ай ичи 3 жолу сатыкка доллар чыгарып, интервенциянын бул айдагы жалпы көлөмү 44,5 миллион долларды түздү. (AzK)

XS
SM
MD
LG