Nation Master статистикалык информатордун рейтингине ылайык, Кыргызстан таза айлык киреше көлөмү боюнча дүйнөдө 136-орунду ээледи.
2014-жыл боюнча маалыматка караганда кыргызстандыктар орто эсеп менен айына салыктарды эсептебегенде 350 доллар киреше табат.
Таза кирешеси эң көп Швейцария жарандары - айына 6 миң доллар. Эң азы Кубада - 25 доллар.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бул рейтингде Орусия 86-орунда (686 доллар), Өзбекстан-130 орунда (360 доллар) турат. (AzK)