Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

1-июндан тарта электр баасы жогорулайт


1-июндан тарта Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи өзгөрөт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Отун-энергетика комплексин тескөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Нурбек Элебаев билдирди.

Анын айтымында, азыр электрди 700 кВт/саатка чейинки көлөмдө колдонгондор бир киловатт/саатына 70 тыйын төлөп жатса, 1-июндан тарта 84 тыйын төлөйт. Андан ашкандар азыр 1 сом 82 тыйын төлөп жатат, бирок 1-июндан кийин кандай болору азырынча белгисиз.

Азыр бир киловатт/саатына 1 сом 97 тыйын төлөп жаткан өнөр жай ишканалары үчүн да тариф өзгөрөт, бирок канча болору анык эмес.

1-июнга чейин тариф саясаты дагы такталат. (SE)

XS
SM
MD
LG