Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Жерүй боюнча конкурстун экинчи туруна 3 компания өттү


Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин маалыматында Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча “Алдан золото ГРК”, “Восток-геологодобыча” жана “Кыргызалтын” ишканалары конкурстун экинчи туруна өтүштү. Эми булар бир айдын аралыгында кенди иштетүү боюнча өздөрүнүн сунуштарын, программаларын бериши керек. 27-апрелде документ кабыл алуу жараяны жыйынтыкталат. Май айынын башында компаниялардын арасынан жеңүүчү аныкталат.

Өкмөт өткөн жылы да Жерүйдү сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган болчу. Ушул тапта баштапкы баа 100 миллион доллар.

Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле ири алтын кени. Ал жерде болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG