Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Орусияда оппозиционер депутат кол тийбестиктен ажырашы мүмкүн


Орусиянын Мамлекеттик Думасы оппозициячыл парламентарий Илья Пономаревду депутаттык кол тийбестик макамынан ажыратуу боюнча маселени 7-апрелде карайт. Бул тууралуу “Адилеттүү Орусия” фракциясынын төрага орун басары Михаил Емельянов билдирди.

Шаршембиде Башкы прокуратура депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча өтүнүч жиберген. Акыркы учурда АКШда жүргөн Пономарев эмне себептен мындай өтүнүч жиберилгени тууралуу маалыматы жоктугун “Фейсбуктагы” баракчасына жазган эле.

Бүгүн Мамдума депутатка “Сколково” фондунун каражатын максатсыз пайдаланганга катышты деген негизде кине тагылганын кабарлады.

“Адилеттүү Орусия” партиясынан депутаттыкка шайланган Илья Пономарев 2013-жылы бул партиядан чыккан эле. Ал Крымдын Орусияга кошулушуна каршы добуш берген жалгыз депутат болгон.

XS
SM
MD
LG